ЖЕЛДЕТҮҮ
ЖЕЛДЕТҮҮ , в е н т и л я ц и я – (латынча ventilatio – желдетүү) – имаратта абанын алмашуусун жөнгө салуу; адамдын ден соолугу үчүн таза абаны пайда кыла турган жабдууларды, курулуш имараттарын, материалдарды, азык-түлүктөрдү жана башкаларды сактоону камсыз кылып, технологиялык талаптарга жооп берүү чарасы. Желдетүү төмөндөгүдөй бөлүнөт: агып келүүчү, соруп чыгаруучу, агып келүүчү жана соруп чыгаруучу, жалпы, табигый, механикалык агып келүүчү Желдетүүдө имараттын ичине таза аба берилет, ал эми абанын сыртка чыгуусу ашыкча басымдын пайда болушунун негизинде, ар түрдүү жылчыктар, эшиктер аркылуу ишке ашырылат. Соруп чыгаруучу желдетүүдө – аба имараттардан желдеткичтер аркылуу чыгарылып, натыйжада аба суюлгандыктан, эшиктен жана имараттын жылчыктарынан сырттагы аба кирет. Агып келүүчү жана соруп чыгаруучу желдетүүдө – аба бир эле убакта имараттын ичине киргизилип жана сыртка чыгарылып турат. Жалпы желдетүүдө – бардык жайларда бирдей температура, абанын тазалыгы жана кыймылы сырттан кирген таза аба аркылуу камсыз болот. Жергиликтүү өндүрүш жайларында чектелүү мейкиндикте талапка ылайыктуу абаны пайда кылат. Абадагы зыяндуу аралашмалар атайын шкафтар, зонттор жана башка түзүлүштөр аркылуу кармалып, сыртка чыгарылат. Табигый желдетүү. – аба имаратка терезе, ар түрдүү жылчыктар жана көңдөйлөр аркылуу кирет жана андан температуранын айырмасы (ички жана сырткы абанын тыгыздыгынын айырмасы) же шамал аркылуу сыртка үйлөтүлөт. Механикалык желдетүү – электр желдеткич менен ишке ашырылат. Өнөр жай имаратындагы өндүрүштүк зыяндуу заттар (чаң, буу жана газ) чаң тоскуч камералар, чыпкалар, түзүлүштөр аркылуу тазаланат.