ЖЕЛДИК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕЛДИК , к а п т ы р г а – ээр токумдун бир бөлүгү. Ал тердиктин үстүнө коюлуп, ээрдин эки капталына кынала өлчөнүп, бир нече катталып, катуу шырылган кийизден жасалып, ээрди бекем отургузуу жана катуу таманына жумшак төшөлгө катары колдонулат. Анын сыртына көбүнчө булгаары капталат. Желдик бири-бирине эки кайыш менен коштолуп, ээрден башка болот.