ЖЕЛДИ-СУУ ТУЗ КЕНИ
ЖЕЛДИ-СУУ ТУЗ КЕНИ Чүй облусунун, Кант районунда, Бишкек шаарынан 25 км түштүк-чыгыш тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк этегиндеги Желди-Суу ж-а Норуз сууларынын алабында, деңиз деңгээлинен 900–1600 м бийикте жайгашкан. Жергиликтүү элге илгертен белгилүү, геологиялык чалгындоо иштери 1945- ж-а 1955-жылдарда жүргүзүлгөн. Кен аймагында палеоген м-н неогендин чөкмө тектери жатат. Туздуу катмарлар көгүш боз түстөгү туздуу чопо, мергель ж-а чополуу гипстен түзүлүп, брахиантикиналдын борборунан орун алган. Алардын калыңдыгы 500 мден ашык. Туз негизинен мирабилит м-н галиттен туруп, калыңдыгы ондогон мге жетет. Линза, кабат, уя түрүндө кездешет. Туз бронх астмасын дарылоого пайдаланылат. 1995-жылы 2 миң т казып алынган. 1996-жылдын 1- январына карата калган запасы 87 миң т.