ЖЕЛИМЧИЛЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕЛИМЧИЛЕР (Phlebotomidae) – кош канаттуулар түркүмүндөгү чиркейлер тукуму. Денеси жүн м-н капталган, уз. 1,3–3,7 мм. Эркеги –
өсүмдүк ширеси, ургаачысы жаныбар каны м-н
азыктанат. Алар жылуу өлкөлөрдө таралган.
Үңкүр, жар жаракасында, ийинде, турак жайда, мал сарайда жашайт. Ж-дин 500гө жакын түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 2 уруусунун 30дай түрү бар. Алар О. Азия, Закавказье респкаларында ж-а Түн. Украина, Молдавияда кездешет. Ж. чакканда өтө кычышат, ыйлаакчалар пайда болот. Ж. малдан кишиге лейшманиоз ж-а желимчи лихорадкасын жугузат. Аларды жоготуу үчүн биол. ж-а хим. жолдор колдонулат.