ЖЕЛТОКСАН (ДЕКАБРЬ) ОКУЯСЫ
ЖЕЛТОКСАН (ДЕКА́БРЬ) ОКУЯСЫ – 1986-жылдын 17–19-декабрында Алматыда болгон казак жаштарынын тоталитардык саясатка каршы нааразылык кыймылы. 1986-ж. 16-декабрда Казакстан КП БКнын Пленуму өткөрүлүп, анда казак элинин пикири эске алынбастан, КПСС БКнын көрсөтмөсү м-н Д. А. Кунаевдин Казакстан КП БКнын 1-секретары кызматынан алынышы ж-а ордуна орус улутундагы Г. В. Колбиндин (мурда Грузия КПнин 2-секретары) келиши кыймылдын башталышына түрткү болгон. 17-декабрь күнү эртең мененки саат 8де Казакстан КП БКнин имаратынын алдындагы Л. И. Брежнев атн. (азыркы «Республика») аянтында мектеп окуучулары, студенттер, жумушчу жаштар, о. эле ЖОЖдун окутуучуларынын
катышуусундагы тынчтык жүрүшү башталып, кечинде алардын саны 20 миңге чейин жеткен.
Чогулгандар борбордун кадр маселесин чечүүдөгү
бир жактуу аракеттерин сынга алып, маанилүү иштерди чечүүдө респ-нын бийлик уюмдарынын пикирин да эске алуу ж-а жерг. калктын өкүлдөрүнөн чыккан саясий ишмерлерге тоскоолдук кылбоо, респ-нын өз алдынчылыгын, улуттук тилдин ж-а мад-ттын өнүгүүсүнө зарыл шарттарды камсыз кылуу талаптарын коюшкан. Кыймылды басуу, анын катышуучуларын күч м-н таратуу максатында Казак ССР ИИМдин ж-а МККнын аскер бөлүктөрү, Алматы чек ара окуу жайынын курсанттары, СССР ИИМдин кошумча атайын күчтөрү тартылган. Митингчилер м-н кагылышуу башталып, аларга каршы курал катары сапёрдук күрөктөр, атайын
үйрөтүлгөн иттер, өрт өчүрүүчү машиналар ж-а
бронетранспортёрлор колдонулган. Бийлик м-н козголоңчулардын тирешүүсүнөн улам «Казакстан казактар үчүн!», «Орустар Казакстандан
чыгып кетсин!» деген сыяктуу ураандар пайда болгон. Ошол эле мезгилде Казакстан КПнин имаратына чабуул даярдалып жатканы тууралуу Москвага маалымат түшүп, М. С. Горбачёв окуялардын чиеленишине жол бербөө талабы м-н Д. Кунаевге кайрылган. Кечке жуук көтөрүлүш күч м-н басылган. 18-декабрда аянтка кайрадан өтүүгө аракеттенген митингчилердин айрым топтору куулуп-таркатылып, козголоңчуларга катуу жаза көрүлгөн. Ж. (Д.) о-нын жүрүшүндө 8500 адам кармалып, жазаланган. 6 киши курман болуп, 1720дай киши жаракат алган. ИИМдин 1200 кызматкери иштен бошотулган, гун-сүргүнгө учураган. 1987-ж. КПСС БКнын Саясий бюросу Ж. (Д.) о-н «казак улутчулдугунун көрүнүшү» катары баалаган (1990-ж. Казакстан КП БКнын демилгеси м-н мындай баа туура эмес деп табылган). Бул окуя тоталитардык саясатка каршы казак жаштарынын азаттык күрөшү болгон. Казакстан көз каранды эместигин алган соң, Ж. (Д.) о. тууралуу чындык калыбына келтирилип, бул ж-дө «Желтоксан», «Желтоксан курмандыктарын эскерүү», «Эр намысы – эл намысы» ж. б. эмгектер жаралып, «Аллажар», «Кызгыш күс» кинофильмдери тартылган.