ЖЕЛ-ТИЙБЕС КОРУКЧАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЛ-ТИЙБЕС КОРУКЧАСЫ – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы ботаникалык корукча (заказник). Таш-Көмүр шаарынын батыш тарабында. Аянты 800 га. Түштүк жарым чөлдүн үлгү аянтын коргоо максатында 1975-жылы уюшулган. Ал аймакта ка­раган, мисте ж-а эфемер өсүмдүктөрү өсөт.