ЖЕЛ ЭНЕРГЕТИКАСЫ
ЖЕЛ ЭНЕРГЕТИКАСЫ – шамал энергиясын механикалык, жылуулук же электр энергиясына айландыруучу энергетика тармагы. Жел энергетикасы – техникалык каражаттарды долбоорлоонун теориялык негиздерин ж-а практикалык ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн жел техникасы м-н шамал энергиясын туура пайдалануунун теориялык ж-а практикалык жактарын, шамал курулмаларын рационалдуу пайдалануу ж-а алардын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн, ошондой эле эл чарбасында колдонуу тажрыйбаларын жал-

пылоо үчүн желди пайдалануу болуп бөлүнөт. Шамал энергиясы – Жер атмосферасындагы аба кыймылына айланган Күн энергиясынын бир бөлүгү. Күн нуру жер бетин ж-а абаны тегиз жылытпайт. Ысыган аба туш тарапка кеңейе баштайт. Жер бети ж-а аба тегиз жылыбагандыктан, абада басымдын айырмасы түзүлүп, абанын же шамалдын кыймылы пайда болот. Шамал абанын басымы көп жактан аз жакты көздөй жылат. Шамал басымынын айрымачылыгы канчалык чоң болсо, аба агымы ошончолук тез жылып, шамал катуу болот. Шамал энергиясын айыл чарбасында пайдалануу келечектүү.