ЖЕМСӨӨ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕМСӨӨ – бир катар омурткасыз жаныбарлардын (моллюскалар, курттар, курт-кумурскалар) ж-а канаттуулардын кызыл өңгөчүнүн кеңейген бөлүгү. Азыкты чогултуу, сактоо, ал эми кээде азыкты алдын ала химиялык иштетүү кызматын аткарат. Аарынын жемсөөсүндө нектар кайтадан иштетилип, балга айланат. Куштарда жемсөөнүн мезгил-мезгили м-н жыйрылышы карынга азыкты жылдырат, сиңбей калган калдыгын сыртка кулгуп чыгарып, балапандарын азыктандырат. Көгүчкөн жумуртка баскандан 8-күндөн баштап жемсөөнүн эпителий клеткалары майга ажырап, бөлүнөт да, жемсөөдөн бөлүнгөн зат (агыш суюктук) м-н балапанын багат. Чөлдө жашаган кара боор балапандарына жемсөөсү м-н суу ташып барат.