ЖЕНЕВА КОНВЕНЦИЯЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕНЕ́ВА КОНВЕНЦИЯЛАРЫ (1949) – согуш­тан жапа тарткандарды коргоо жөнүндөгү көп та­раптуу эл аралык келишимдер. 1949-жылы 12-ав­густта Женевада (Швейцарияда) кол коюлган: 1) согушуп жаткан армиялардагы жарадар ж-а оорулуу жоокерлердин абалын жакшыртуу жөнүндө конвенция; 2) кеме кыйроосуна учураган деңиздеги куралдуу күчтөрдүн курамындагы жа­радарлардын, оорулуулардын ж. б-дын абалын жакшыртуу жөнүндө конвенция; 3) аскер туткун­дарына карата мамиле жөнүндө конвенция; 4) со­гуш учурунда жарандык калкты коргоо жөнүндө конвенция. Женева конвенцияларына СССР да катышкан. Конвенциялар эл аралык укуктун согуш аракетте­ри каршылашынын куралдуу күчтөрүнө каршы жүргүзүлөт, жарандык калкка, оорулуу, жара­дар ж-а туткунга түшкөн адамдарга каршы жүргүзүлбөйт деген принцибин бекемдеген. Женева конвенциялары жарыяланган согушта же ар кандай куралдуу чыр-чатакта, кайсы бир аймакты басып алууда (куралдуу каршылык көрсөтүлбөсө да) колдо­нулат. Согушка катышып жаткан тараптар ж-а ошондой эле бейтарап мамлекеттер Женева конвенцияларынын эре­желерин сакташ керек. Женева конвенцияларына мүчө мамлекет­тер Женева конвенцияларынын эрежелерин бузган кишилерди та­бууга жардам көрсөтүүгө тийиш. Мындай киши­лер кайсыл мамлекеттин аймагында кылмыш жасаган болсо, ошол мамлекеттин соту м-н сот­толот же Женева конвенцияларына мүчө болгон кайсы бир мам­лекет далилдей алса, анда анын соту м-н да сот­толушу мүмкүн. Жарадар, оорулуу, туткунга түшкөн аскерлерди ж-а жарандык калкты ата­йын өлтүрүү, алардын ден соолугуна зыян кел­тирилген биологиялык тажрыйбаларды жүргүзүү ж-а туткунга түшкөн аскерлерди душмандын армия­сында кызмат өтөөгө зордоо ж. б. Женева конвенцияларын орой бузгандык болуп саналып, кылмыш жоопкер­чилиги каралган.

Ад.: Пустогаров В. В. Женевским конвенциям 1949 г. – 50 лет. Достижения и проблемы // Государ­ство и право. 1998. ¹ 6.