ЖЕНЕВА МАКУЛДАШУУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕНЕ́ВА МАКУЛДАШУУЛАРЫ (1962) – Лаос маселесин жөнгө салуу үчүн 1961-ж. 16-май – 1962-ж. 23-июлда Бирма, Улуу Британия, Вьет­нам Демокр. Респ., Индия, Камбожа, Канада, КЭР, Лаос, Польша, СССР, АКШ, Таиланд, Франция, Түш. Вьетнам өкүлдөрү Женева (Швей­цария) кеңешмесинде кол койгон документтер. Ж. м. б-ча кеңешме СССР м-н Улуу Британия­нын демилгеси б-ча чакырылган. Ага 1962-ж. июнда Лаостун өзүндө коалициялык өкмөт тү­зүүгө макулдашкан үч саясий күчтүн (бейтарап­чылар, патриоттук фронт, оңчул топ) өкүлдөрү да чакырылган. Ж. м-нда Лаостун бейтарапты­гы ж-дө декларация кабыл алынып, анда ке­ңешмеге катышкан өлкөлөр Лаостун көз каран­дысыздыгын, аймагынын бүтүндүгүн, өз алдын­чалыгын урматтоого тийиш деп көрсөтүлгөн. Декларация б-ча Лаостун аймагында жарандык согуш токтотулуп, чет элдик аскер күчтөр чы­гарылмак. Бул келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөөгө Индия, Польша ж-а Канада мамле­кеттеринин өкүлдөрүнөн эл аралык комиссия түзүлгөн. Бирок АКШ Ж. м-н бузуп, Лаостун оң­чул топторунун патриоттук күчтөргө каршы согу­шуна (1963-ж. апрелден) жардам берген. Натый­жада Лаостун ички абалын жөнгө салуу үзгүлтүккө учурап, коалициялык өкмөттүн иши токтогон.