ЖЕНЕВА МАКУЛДАШУУЛАРЫ (1954-жыл)
ЖЕНЕ́ВА МАКУЛДАШУУЛАРЫ (1954) Инди-Кытайдагы согуштук аракеттерди токтотуу ж-а Корея маселесин тынчтык жолу м-н жөнгө салуу боюнча 1954-жылы 26-апрелден 21-июлга чейин Женевада СССР, КЭР, Улуу Британия, АКШ ж-а Франциянын тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинде кабыл алынган. Инди-Кытай жөнүндөгү маселени талкуулоого, ошондой эле КЭР, Вьетнам Демократиялык Республикасы, Камбожа, Лаос ж-а Түштүк Вьетнам мамлекеттеринин өкүлдөрү катышкан. Женева макулдашуулары Франциянын Вьетнам, Лаос ж-а Камбожага каршы 1945-жылдын сентябрынан жүргүзүп келаткан согушун токтотту. Инди-Кытай өлкөлөрүнүн көз карандысыздыгын, биримдигин, толук эркиндигин урматтоо, ички иштерине кийлигишпөө принциптеринин негизинде үч өлкөнүн ар биринде жалпы шайлоо өткөрүү каралган, бул мамлекеттердин аймагына чет өлкөлүк согуш базаларын курууга, алардын согуш блокторуна катышуусуна тыюу салуу белгиленген. Бул иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөөгө Индия, Польша ж-а Канада мамлекеттеринин өкүлдөрүнөн эл аралык комиссия түзүлгөн. Инди-Кытайда согуш токтотулгандан кийин Камбожа (1955) м-н Лаосто (1958) шайлоолор болгон; бирок 1956-жылдын июлуна белгиленген жалпы шайлоонун негизинде Вьетнамды бириктирүү иши АКШ колдогон Түштүк Вьетнамдын каршылыгынан улам жүзөгө ашпай калган. 1964–65-жылдарда Инди-Кытайда башталган АКШнын согуштук аракеттери Женева макулдашууларын одоно түрдө бузган, к. Вьетнам согуштары.