ЖЕНЕВА МАКУЛДАШУУЛАРЫ (1962-жыл)
ЖЕНЕ́ВА МАКУЛДАШУУЛАРЫ (1962) – Лаос маселесин жөнгө салуу үчүн 1961-жылы 16-май – 1962-жылы 23-июлда Бирма, Улуу Британия, Вьетнам Демократиялык Республикасы, Индия, Камбожа, Канада, КЭР, Лаос, Польша, СССР, АКШ, Таиланд, Франция, Түштүк Вьетнам өкүлдөрү Женева (Швейцария) кеңешмесинде кол койгон документтер. Женева макулдашуулары боюнча кеңешме СССР м-н Улуу Британиянын демилгеси боюнча чакырылган. Ага 1962-жылы июнда Лаостун өзүндө коалициялык өкмөт түзүүгө макулдашкан үч саясий күчтүн (бейтарапчылар, патриоттук фронт, оңчул топ) өкүлдөрү да чакырылган. Женева макулдашууларында Лаостун бейтараптыгы жөнүндө декларация кабыл алынып, анда кеңешмеге катышкан өлкөлөр Лаостун көз карандысыздыгын, аймагынын бүтүндүгүн, өз алдынчалыгын урматтоого тийиш деп көрсөтүлгөн. Декларация боюнча Лаостун аймагында жарандык согуш токтотулуп, чет элдик аскер күчтөр чыгарылмак. Бул келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөөгө Индия, Польша ж-а Канада мамлекеттеринин өкүлдөрүнөн эл аралык комиссия түзүлгөн. Бирок АКШ Женева макулдашууларын бузуп, Лаостун оңчул топторунун патриоттук күчтөргө каршы согушуна (1963-жылы апрелден) жардам берген. Натыйжада Лаостун ички абалын жөнгө салуу үзгүлтүккө учурап, коалициялык өкмөттүн иши токтогон.