ЖЕНКИНСОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕ́НКИНСОН Антони (16-кылымда жашап өткөн) – англиялык соодагер, саякатчы. Элчилик кызмат да аткарган. 1557–58-жылдарда Иранда ж-а Борбордук Азияда болгон. Женкинсондун маалыматы боюнча, ал келерден мурун Кытай ж-а Бухара аралыгындагы көчмөндөр м-н шаардыктардын ортосунда үч жыл бою тынымсыз согуш жүрүп турган. Женкинсон Ташкент (Таскент), Кашкар шаарларын атап, Ташкентке каршы казактар (кассак), Кашкарга каршы кыргыздар (киргс) согушканын белгилеген. Ошондой эле ал бул эки элдин өтө күчтүү экенин, ошондуктан аталган шаарлар аларга баш ийгендигин эскерген. Анын түзгөн картасында кыргыздар 16- кылымдын орто ченинде эле дээрлик өздөрүнүн азыркы аймактарын ээлешкени көргөзүлгөн.
Т. Асанов.