ЖЕНТЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕНТЕК – бала төрөлгөндө өткөрүлчү той. Жентек той башка тойлордой белгилүү бир күнгө ча­кырылган эмес. Балалуу болгон кишинин жа­кындарына бала төрөлгөнүн кабарлап жаштар, көбүнчө балдар сүйүнчүлөшүп, белек (сүйүнчү) алышкан. Сүйүнчү айтылган жана жентек жегени кел­ген киши алгач көрүндүк бе­рип, баланы көргөн. Кел­ген адамдарга, кошуна-ко­лоңдорго жентек үчүн күн му­рунтан камдалган сары май (карын май) бузулуп, мал союлуп, тамак-аш тарты­лып, жентек берилген. Жентек той аяктарда (2–3 аптадан соң) жентектөө башталган. Ба­лалуу болгон ата-эне менен куда-сөөк, туугандар, көңү­лү жакын жакшы санаа­лаш адамдар наристеге ки­йим, буюм, мал энчилөө менен жентектеп, баланын ата-энесине белек-бечкек беришип, алардын кубаны­чын тең бөлүшкөн.

А. Көчкүнов.