ЖЕР
ЖЕР – Күн системасына кирүүчү планета. Күндөн алыстыгы боюнча 3-орунда, өлчөмү ж-а массасы боюнча чоң планеталардын ичинен 5-орунда турат. Массасы 5976 ⋅ 1021 кг (Күн массасынын 1/330000 бөлүгү), орточо тыгыздыгы 5520 кг/м3, экватордук диаметри 12 756 км. Өз огунда айлануу мезгили 23 саат, 56 мин. Экватор тегиздигинин эклиптика тегиздигине болгон кыйшаюусу 23°26′. Ошого байланыштуу жыл мезгилдеринин алмашуусун пайда кылат. Күндүн тартуу күчүнүн таасиринен Күн системасындагы башка телолор сыяктуу эле, Жер тегеректен бир аз айырмаланган эллипс боюнча Күндү айланат. Жердин эллипс орбитасынын бир фокусунда Күн жатат да, Жер м-н анын ортосундагы аралык бир жылдын ичинде 147,117 млн кмден (перигелий) 152,083 млн кмге (афелий) чейин өзгөрөт. 149,6 млн кмге барабар болгон Жер орбитасынын жарым огу Күн системасындагы аралыкты өлчөөнүн бирдик чени (к. Астрономиялык бирдик) болуп саналат. Жердин орбита боюнча кыймылынын ылдамдыгы орто эсеп м-н 29,765 км/сек, бирок ал 30,27 км/секдан (перигелийде) 29,27 км/секга (афелийде) чейин өзгөрөт. Мындан тышкары Жер Күн системасы м-н бирге Галактиканын борборунда айланат (орточо ылдамдыгы 250 км/сек, айлануу мезгили 200 млн жыл). Жердин айланасында, орто эсеп м-н 384400 км аралыкта, анын жандоочусу Ай Жерди эллипс орбитасы боюнча тегеренип жүрөт. Жердин Күндү бир жолу айланып чыккан мезгили жыл, башкача айтканда 365 сутка 5 с. 48 мин 46 сек. Жер өз огунда айланып, күн м-н түндү пайда кылат, убакыт бирдиги болгон сутканы түзөт. Жердин өтө татаал формасы өз огунда айлануудан пайда болуучу борбордон четтөөчү күчтүн, гравитациянын,



рельеф пайда кылуучу ички ж-а тышкы күчтөрдүн аракетинен келип чыккан (к. Геоид). Геодезияда, картографияда ж. б. илимий-практикалык маселелерди чечүүдө Жердин эллипсоид түспөлү кабыл алынган. Жер Күн системасындагы башка планеталардан тиричилик, адам коомунун өсүп өнүгүшү м-н айырмаланат. Азыркы учурдагы космогониялык көз караштар боюнча, Жер мындан 4,7 млрд жыл мурда, Күндүн айланасындагы мейкиндикте газ м-н чаң түрүндөгү чачыранды заттардын гравитациялык конденсацияланышынан пайда болгон (к. Космогония, Күн системасы). Калыптануу учурунда радиоактивдүү элементтердин таасиринен Жердин ички бөлүктөрүнүн ысый башташы, Жер заттарынын дифференциацияланышына (жиктелишине) алып келген. Дифференциация Жер шарын химиялык курамы ж-а физикалык касиеттери боюнча бири биринен айырмаланган геосфераларга (катмарларга) бөлгөн. Жердин борборунда ядро, ядрону курчап жаткан катмар мантия пайда болуп, ал эми мантиядан бөлүнүп чыккан жеңил эриген заттардан турган эң үстүнкү катмар – ж е р к ы р т ы ш ы түзүлгөн. Бул 3 геосфера кээде «катуу» Жер деп аталат. Алардан тышкары Жердин сырткы геосфералары да бар. Жерди курчап жаткан аба катмары – атмосфера, суу катмары – гидросфера. Бул 2 геосфера Жер түпкүрүнөн бөлүнүп чыккан буу м-н газдардан пайда болгон (алар азыр да толукталып турат). Жер бети, гидросфера, ошондой эле атмосферанын астыңкы, Жер кыртышынын үстүнкү бөлүктөрү биригип, г е о г р а ф и я л ы к же л а н д ш а ф т т ы к к а б ы к деп аталат. Географиялык кабыктагы физикалык ж-а химиялык шарттан тиричилик пайда болгон. Тирүү заттар геологиялык агент катары өтө маанилүү орунда тургандыктан, органикалык дүйнө тараган чөйрө б и о с ф е р а деп өзүнчө бөлүнгөн. Жер бетинин 361,1 млн км2ин же 70,8%ин Дүйнөлүк океан ээлесе, 149,1 млн км2ин же 29,2%ин кургактык түзөт. Жердин эң бийик жери Гималайдагы Жомолунгма чокусу (8848 м), эң чуңкур жери Тынч океандагы Мариана кобулу (11022 м). Жердин гравитациялык, магниттик ж-а электр талаалары болот. Анын гравитациялык тартуу күчү (к. Жердин гравитациялык талаасы) Айды өз орбитасында кармап турат. Жердин түзүлүшү, түспөлү, кебетеси (формасы), Ааламдагы орду жөнүндөгү азыркы маалыматтар – илгертен берки изилдөөлөрдүн натыйжасы. Байыркы замандарда Жердин формасын аныктоого көп аракет жасашкан. Мисалы, индустар Жердин кебетеси лотос сымал дешсе, вавилондуктар аны суу курчап турган тегерек тарткан жалпак арал түрүндө элестешкен. Мындан 3 миңче жыл мурда Жердин формасы жөнүндө туура түшүнүктөр пайда боло баштаган. Байыркы халдейлер Айдын тутулуусунан Жердин шар түрүндө экенин 1-жолу байкашкан. Пифагор, Парменид (б. з. ч. 6–5-кылымдар) ж-а Аристотель бул кубулушту илимий жол м-н аныктоого аракет кылган. Байыркы илимпоздордун көбү Жер Ааламдын борбору (геоборбордук окуу) деп эсептешкен, бирок гелиоборбордук (Күн – дүйнөнүн борбору) көз караштар да болгон. Орто кылымдарда Жердин шар сымал экени ж-а кыймылы жокко чыгарылган. Кайра жаралуу доорундагы Географиялык улуу ачылуулардан кийин Жердин формасы жөнүндөгү туура түшүнүктөр кайрадан өөрчүй баштаган. 1543-жылы Коперник дүйнөнүн гелиоборбордук системасын илимий негизде аныктаган. Жердин «катуу» бөлүгүнүн структурасы 20-кылымда сейсмологиянын жетишкендиктеринен улам такталган. 20-кылымдын 2-жарымында ракета, спутниктердин жардамы м-н атмосферанын жогорку катмары ж-а магнитосфера изилденди. Жердин турпатын ж-а өлчөмүн геодезия, Аалам телосу катары кыймыл-аракетин астрономия, заттарынын физикалык абалын, бардык геосфералардагы физикалык процесстерди, күч талааларын геофизика, химиялык элементтердин таралыш законун ж-а алардын миграция процессин геохимия, жер кыртышынын курамын ж-а анын өнүгүү тарыхын геологиялык илимдердин комплекси, географиялык кабык м-н биосферадагы табигый процесстерди география ж-а биология илимдери изилдейт.
Жердин чоң аймакты ээлеп жаткан эң сырткы катмары – магнитосфера (Жер айланасындагы мейкиндик). Жердин магнит талаасы Күндөн келген заряддуу бөлүкчөлөрдү тосуп, планетанын айланасында Жердин радиациялык алкагын түзөт (к. Жер магнетизми). «Катуу» Жер м-н бирге айланып, аны курчап жаткан аба катмары – атмосфера. Атмосферанын 200 км бийиктикке чейинки негизги компоненти – азот. Андан жогору кычкылтек атомдорго ажырап, 600 кмден баштап гелий, ал эми 2 миң кмде суутек басымдуулук кылып, Жер айланасында суутек таажысын пайда кылат. Географиялык кабыктагы физикалык, химиялык, биологиялык процесстердин бирден бир булагы болгон Күн нуру атмосфера аркылуу Жер бетине өтөт. Жерди курчап жаткан суу катмары (гидросфера) туташ эмес. Анын 94%ин океан-деңиздер , 4%ин жер астындагы суулар, 2%ин кармуз-мөңгүлөр, 0,4%ин – кургактыктагы суулар (дарыя, көл, саз), бир азын атмосфера м-н организмдердин курамындагы суулар түзөт. Суу массалары бири-бирине өтүп турат. Гидросферада бардык химиялык элементтер бар. Жердин эң үстүнкү «катуу» катмары – жер кыртышы (А). Анын түзүлүшү өтө татаал ж-а бир тектүү эмес. Жер кыртышынын ичинен кеңири тараганы – материктик ж-а океандык кыртыш. Материктик кыртыш 3 кабаттан турат: үстүнкү (чөкмө кабат, калыңдыгы 0–20 км), ортоңку (шарттуу түрдө «гранит» кабаты, 10–40 км) ж-а астыңкы («базальт» кабаты, 10–70 км). Океан түбүндө чөкмө кабаттын калыңдыгы бир нече жүз мге араң жетет; «гранит» кабаты жок. Анын ор-

унда калыңдыгы 1–2,5 км келген катмар (чыккан теги белгисиз, «экинчи» кабат деп аталат) жатат. «Базальт» кабатынын калыңдыгы океан түбүндө 5 кмге жетет. Жер кыртышы м-н м а н т и я н ы н ортосундагы сейсмикалык ыкмалардын негизинде аныкталган чек ара Мохоровичич бети деп аташат. Муну Мохо чеги же Мохо бети деп да айтышат. Мохо бетинен кийинки калыңдыгы 40 кмге жеткен катуу катмар кыртыш алдындагы катмар делет. Жер кыртышы м-н кыртыш алдындагы катмар экөө биригип, литосфераны түзөт. Мантиянын калыңдыгы 2900 км. Ал үстүнкү мантияга (субстрат; В, С) төмөнкү мантияга (Д., калыңдыгы 2000 км) ажырайт. Үстүнкү мантиянын кыртыш алдындагы катмардан кийинки кабаты астеносфера деп аталат. Ал балкып эриген абалда болот. Жер я д р о с у н у н радиусу 3,5 миң кмге жакын. Ал сырткы ядро (Е) ж-а ички ядро (субъядро; G) болуп бөлүнөт (к. сүрөт). Аларды калыңдыгы 300 кмге жеткен өтмө зона (F) бөлүп турат (адатта муну сырткы ядрого кошушат). Жердин курамында Fe, O, Si, Mg басымдуулук (Жер массасынын 90%) кылат. Жер кыртышынын жарымын кычкылтек, чейрегин кремний, бир топ бөлүгүн Al, Mg, Ca, Na ж-а K түзөт. Ядро Fe м-н Mgге бай оор минералдардан турат. Сейсмикалык толкундардын таралышынан улам сырткы ядро суюк, ал эми ички ядро (субъядро) катуу абалда деп болжолдонот. Жердин геосфераларында заттар тынымсыз кыймыл-аракетте ж-а өзгөрүүдө болот. Жер тереңдигинде ж-а анын үстүнкү бетинде болуучу процесстер ички (эндогендик), сырткы (экзогендик) процесстерге бөлүнөт. Эндогендик процесстер жер кыртышынын айрым бөлүктөрүн ары-бери же өйдө-төмөн жылдырат, деформациялайт (к. Тектоникалык кыймылдар). Тектоникалык кыймылдардын таасиринен магма процесси жүрөт, башкача айтканда магма жогору көздөй көтөрүлүп, жер кыртышын түртөт же андагы жаракалар аркылуу жер үстүнө атылат (к. Жанартоо). Тектон. деформация м-н магманын көтөрүлүшү (басым м-н температуранын жогорулашы) жер кыртышындагы тектердин метаморфизмделишине шарт түзөт (к. Метаморфизм). Ошондой эле жер бети ж-а жер кыртышынын үстүнкү кабаты экзогендик процесстердин таасиринде болот. Алар экиге бөлүнөт: талкалоочу ж-а жаратуучу (талкаланган тектердин ойдуңдарга топтолушу ж-а чөкмө тектин келип чыгышы). Ички ж-а сырткы күчтөрдүн таасиринен жер бетинин түзүлүшү тынымсыз өзгөрүп турат. Материктер м-н океандар формасын бир нече жолу өзгөрткөн. Жер кыртышынын айрым бөлүктөрү көтөрүлүп, тоолор пайда болгон же басырылып ойдуңга айланган. Тектоникалык кыймылдардын таасиринен Жер бетинин рельефи, климаты, жаныбарлары м-н өсүмдүктөрү өзгөрүүлөргө дуушарланган. Демек, органикалык дүйнөнүн өсүп-өнүгүүсү жер бетинин өнүгүү тарыхынын негизги этаптары м-н тыгыз байланышта жүргөн. Жер ө н д ү р ү ш к а р а ж а т ы катары – эмгек процессинин материалдык базасы, каражат өндүрүүдөгү факторлордун бири. Жер – эл чарбасынын, өзгөчө токой ж-а айыл чарбасынын эң негизги табигый өндүрүш каражаты.
Ад.: Куликов К. А., Сидоренко Н. С. Планета Земля. 2-е изд. М., 1977; Бялко А. В. Наша планета Земля. 2-е изд. М., 1989; Хаин В. Е., Короновский Н. В. Планета Земля от ядра до ионосферы. М., 2007. Хаин В. Е., Ломидзе М. Г. Геотектоника с основами геодинамики. М., 2005.