ЖЕРГЕ-ТАЛ КӨРҮСТӨНҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕРГЕ-ТАЛ КӨРҮСТӨНҮ – 1–8-к-га таандык археол. эстелик. Чаткал өрөөнүндөгү Жерге-Тал капчыгайынын батышында. 75 дөбө мүрзөдөн турат. Адамдын сөөгү катакомба, жапма көрлөрдө ж-а таш табыттарда (бир, экиден ж-а чогуу) коюлган мүрзөлөр кездешет. Карапа идиштер (айрымдарынан 6–7 кумура), темир тогоо, темир бычактар, коло күзгү, асем буюмдар табылган. 1950-ж. археолог А. Кибиров, 1955-ж. Ю. А. Заднепровский, 1981-ж. Ы. Кожомбердиев изилдеген.