ЖЕРГЕ-ТАЛ (Нарын дарыясынын сол куймасы)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕРГЕ-ТАЛ – Нарын районундагы суу, Нарын дарыясынын сол куймасы. Узундугу 59 км, алабынын аянты 372 км2. Байдулу тоосунун түштүк капталынан башталып, кууш, карагайлуу терең капчыгай м-н агып, төмөнкү агымында өрөөнү кеңийт. Ири куймалары: Күчүк, Сары-Жел, Темир-Саз ж. б. Жылдык орточо чыгымы 0,98 м3/сек; эң көбү 65,4 м3/сек, эң азы 0,16 м3/сек. Апрелдин аягында кире баштап, сентябрдын башында тартылат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Жерге-Тал кыштагы жайгашкан.