ЖЕРГЕ-ТАЛ 1
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕРГЕ-ТАЛ , М и х а й л о в к а – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Көгарт айыл округунун борбору. Деңиз деңг. 1200 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 40 км түн.-чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 35 км. Калкы 4902 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар. Оорукана, поликлиника, ФАП, үй-бүлөлүк врачтар тобу, мончо, ашкана иштейт.