ЖЕРГЕ-ТАЛ 3
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕРГЕ-ТАЛ – Нарын р-нундагы кыштак. Жерге-Тал айыл округуна караштуу. Нарын д-нын оң жээгинде, деңиз деңг. 2200 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын ш-нан 39 км түн.-батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 151 км. Кыштак 1931-ж. негизделген. Калкы 2907 (2007); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-тех. окуу жайы, мад-т үйү, китепкана, оорукана, дарыкана, мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, үйбүлөлүк врачтар тобу иштейт. Кыштакта илимпоз философ А. Табалдиев туулган.