ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЛИМАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЛИ́МАТ , м е з о к л и м а т – бир же бир нече метеостанция тарабынан илик­тенген, табигый шарттары бир түрдүү болгон чакан аймактын климаты (мисалы, токой масси­ви, деңиз жээги, анча чоң эмес шаар климаты ж. б.). Таралуусу боюнча Жергиликктүү климат макроклимат м-н микроклиматтын ортосунда өтмө абалда. Жергиликтүү климаттын өзгөчөлүктөрү ошол аймактагы жер бе­тинин түзүлүшүнө (анын топографиясына, то­пурак, өсүмдүктөрүнүн мүнөзүнө, шаар курулуш иштерине ж. б.) байланыштуу. Мындай өзгө­чөлүктөр айрыкча атмосферанын төмөнкү катмарла­рында (бир нече жүз м бийиктикке чейин) бай­калат. Жергиликтүү климаттын кубулуштарына көптөгөн жергиликтүү шамалдар да кирет; мисалы, Ысык-Көлдөгү Улан, Сан-Таш шамалдары.