ЖЕРГИЛИКТҮҮ ТАРМАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ТАРМАК , л о к а л тар­мак – офис, имарат же бир нече имаратты камтыган окуу жайдын компьютердик лабор­аториясында чектелген байланыш-катыш түйүнү. Жергиликтүү тармак байланыш каналынан туруп, бир нече компью­терди борбордук компьютер менен же бир нече жеке компьютерди өз ара туташтырат. Ал жабдуу­лар, программалык жабдыктар жана маалымат казынасын бөлүштүрөт.