ЖЕРГИЛИКТҮҮ УБАКЫТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРГИЛИКТҮҮ УБАКЫТ – Жер шарынын бел­гилүү бир оруну (аймагы) үчүн аныкталган уба­кыт. Ал жылдыз убакыты (астрометрияда), чыныгы күн убакыты, орточо күн убакыты болуп айырмаланат. Жергиликтүү убакыт ошол жердин географиялык узун­дугуна байланыштуу ж-а меридиандын бардык чекиттеринде бирдей болот. Эки башка жердин жергиликтүү убакытынын айырмасы ошол жердеги меридиан­дардын айырмасы м-н өлчөнөт. Жергиликтүү убакыт ошол жер­деги астрономиялык байкоолордун негизинде (Күн саат­тары аркылуу) аныкталат. Жергиликтүү убакыты мурда тири­чиликте кеңири колдонулса, 19-кылымдан баштап көпчүлүк өлкөлөрдө алкак убактысы м-н алмаш­тырыла баштаган.