ЖЕРГИЛИКТҮҮ ШАМАЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ШАМАЛ – чектелүү бир аймакка мүнөздүү шамал; ал аймактын географиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болуп, тез-тез кайталанып, өзгөчө мүнөздөгү аба ырайын пайда кылат. Жергиликтүү шамал атмосферанын жергиликтүү циркуляциясынан (фён, тоо-өрөөн шамалы, кууш капчыгайлардан соккон шамал, мисалы, Боом капчыгайындагы Улан шамалы, Жоңгор дарбазасындагы ибэ шамалы) же атмосферанын жалпы циркуляциясынын өзгөрүүсүнөн (мисалы, бриз, сирокко, афган, хамсин, бора, мистраль, чинук, баргуза ж. б.) пайда болушу мүмкүн.