ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭЛЕКТР ТАРМАГЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭЛЕ́КТР ТАРМАГЫ – чыңалуусу 35 кВга барабар электр тармагы. Өнөр жайын, айыл чарбасын ж. б-ды 15–30 км аралыкта электр энергиясы м-н камсыз кылат. Жергиликтүү электр тармагынын курамына подстанциялар, аба ж-а кабелдик линиялар кирет. Ал радиалдык, магистралдык ж-а туюк болушу мүмкүн. Жергиликтүү электр тармагынын чыңалуусу 1 кВдан чоң болсо, 3 өткөргүчтүү, чыңалуусу 380/220 кВ же 220/127 кВ болсо 4 өткөргүчтүү (3 фазалуу өткөргүч ж-а 1 нөлдүк) деп аталат.