ЖЕРДЕШТИРҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРДЕШТИРҮҮ (з а з е м л е н и е) – машина, аппарат, приборлорду ж. у. с. шаймандарды жер м-н электрдик туташтыруу. Арналышына жа­раша коргоочу жердештирүү (мисалы, электр машиналары­нын корпустарын, аппараттарды электр тогу­нан коргойт), жумушчу жердештирүү (мисалы, трансформа­торлордун нейтралдуу чынжырларын же радио­техникалык антенналарын жердештирүү) ж-а чагылгандан сак­тагыч болуп айырмаланат. Коргоочу жердештирүү. бирин­чи иретте адамды электр тогунан сактайт. Эгерде кокусунан түзүлүштө кыска туташуу болсо, электр тогу жердештирүүчү өткөргүч аркылуу адамга зыян келтирбей өтүп кетет (себеби, жер туруктуу нөл потенциалына ээ), ошондой эле электр чынжыр­ларын коргоо үчүн (мисалы, жогорку жыштыктуу же начар электр сигналдарын өткөрүүчү кабел­дерди тышкы тоскоолдуктардан) колдонулат. Жердештиргичтер жерге көмүлгөн тик кагыл­ган темир түтүктөн, рельстен, жез тилкелерден же өткөргүчтөн турат. Жердештирүү каршылыгын азай­туу үчүн жердештиргичтер жер кыртышындагы суунун деңгээлинде жайгаштырылат. Мачта ан­тенналуу радио берүү станцияларында жердеш­тиргичтер 15–20 см тереңдикке көмүлгөн, тол­кун узундугунун 0,35тен 0,5 бөлүгүн түзгөн тор зымдан жасалат. Кээде жердештиргич катары темир трос же чынжыр колдонулат. Чагылган­дан сактагыч жердештирүү чагылган учурунда пайда бол­гон токтон электр жабдууларын сактоого арна­лып, 200 кА ток күчүнө эсептелет.