ЖЕРДИН КАБЫГЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕРДИН КАБЫГЫ , г е о г р а ф и я л ы к к а б ы к – Жердин бири-бирине өз ара таасир этип турган атмосферанын төмөнкү, литосферанын үстүнкү катмарларын, гидросфераны ж-а биосфераны камтыган кабыгы. Ага биосфера ж-а гидросфера бүт, литосферанын гипергенез облусу, атмосферанын стратопаузага чейинки катмары кирет. Калыңдыгы 40 кмге жетет. Географиялык кабыктын бирдиктүүлүгүнө кургактык, атмосфера, Дүйнөлүк океан ж-а организмдердин ортосундагы зат м-н энергиянын үзгүлтүксүз алмашып турушу себепкер. Андагы табигый кубулуштар Күндүн ж-а Жердин ички энергиясына байланыштуу.