ЖЕРДИН КЕЛБЕТИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕРДИН КЕЛБЕТИ – Жердин чыныгы бетине жакындаштырылган шарттуу көрүнүшү, турпаты. Жер массасы бардык жеринде бирдей таралбагандыгына байланыштуу, анын бети эч бир геометриялык формага окшобогон өтө татаал турпатка ээ. Ошондуктан Жердин келбети болуп г е о и д эсептелинет. Бирок, геодезия, картография ж. б. көптөгөн илимий- практикалык маселелерди чечүүдө Жердин келбети катары жер эллипсоиди же жер сфероиди алынат. Кийинки кезде жердин жасалма жандоочулары м-н космосчулардын байкоолорунан Жердин келбети алмурут сымал формада экендиги белгиленген. Мындай форманы кардиоид деп атоо сунуш кылынган, к. Геоид.