ЖЕРДИН РАДИАЦИЯЛЫК АЛКАГЫ
ЖЕРДИН РАДИАЦИЯЛЫК АЛКАГЫ – Жердин магнит талаасынын күчү м-н тартылып турган радиациялык жогорку ургаалдыктагы зонасы. Жердин радиациялык алкагы жогорку энергияда заряддалган (электрон ж-а протон) бөлүкчөлөрдөн турат. Шарттуу түрдө Жердин радиациялык алкагы ички ж-а тышкы алкактарга бөлүнөт. Ички алкактын чеги 600– 1600 кмге чейин, тышкы алкактыкы бир нече миң км бийиктикте. Жерден 5000 км бийиктикте бир нече ондуктагы Мэв энергиялуу протондор басымдуулук кылат, андан бийикте энергиясы төмөндөп, жерден 3,5 радиус бийиктикте 100 Кэвге жетет. Протондордун ургаалдуулугу (ички ж-а тышкы алкактарда) жер магнетизминин кескин түрдө өзгөрүшүнө жараша ар түрдүү. Жердин радиациялык алкагында бир нече жүз Кэв энергиялуу электрондордун агымы байкалат. Жердин радиациялык алкагындагы бөлүкчөлөр космонавттарга радиациялык коркунуч түзөт.