ЖЕР-СУУ КОМИТЕТТЕРИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕР-СУУ КОМИТЕТТЕРИ – Совет бийлигинин агрардык саясатын иш жүзүнө ашыруу үчүн Түркстан АССРинде түзүлгөн уюмдар. Жер-суу комитеттери кабыл алган жобого ылайык айыл жеринде жашап, 20 жаштан ашкан 500 адамга бирден мүчө шайлоого укук берилип, жеке менчикке тиешелүү жер-суу, токойлорду өз колдоруна алуу (экспроприация) м-н жаңы чарбаларды уюштурушкан. Кыргызстанда мындай комитеттер 1918-жылы уюшулуп, 1920-жылы жергиликтүү Советтердин жер-суу бөлүмдөрү болуп кайрадан түзүлгөн.