ЖЕР-СУУ РЕФОРМАСЫ
ЖЕР-СУУ РЕФОРМАСЫ – Орто Азия ж-а Казакстанда падышалык Россия тарабынан күч м-н мамлекеттин менчигине алынган жерлерди жергиликтүү элге кайтарып берүү үчүн Совет өкмөтү жүзөгө ашырган социалдык-экономикалык чаралар. Ал 1920-жылы сентябрь айындагы Түркстан Компартиясынын 5-cъездинде кабыл алынып, эки этапта өткөн: 1) 1921–22-жылдарда Түндүк Кыргызстанга келген келгиндерди мурдагы орундарына көчүрүп, алардын ордуна жергиликтүү калкты отурукташтыруу ишке ашырылган. Мисалы, Каракол уездинен бошогон жерге 1578 түтүн, Пишпек уездинде 4500 түтүн кыргыз жайгаштырылган. Нарын уездинен 15 миң теше жер жергиликтүү элге кайтарылган. Басмачылыкка байланыштуу жер-суу реформасы Түштүк Кыргызстанда толугу м-н ишке ашкан эмес; 2) Улуттук-мамлекеттик бөлүнүү аяктагандан кийин (к. Орто Азиянын улуттукмамлекеттик бөлүнүшү) Орто Азиянын бардык республикаларында жүргүзүлүп (1925–29), бул этаптагы жер-суу реформасы Түштүк Кыргызстанда «үчтүктөрдүн» (тройка) күчү м-н өзгөчө кырдаалда өткөн. Себеби бул жакта ашыкча жерди россиялык келгиндерден эмес, жергиликтүү байлардан тартып алууга туура келген. Натыйжада 1927–28-жылдарда жеке менчик 494 ири чарба жоюлуп, 3447 жеке чарбанын ашыкча жери кесилип алынган. Алардын эсебинен 45 777 га сугат ж-а 22 831 га кайрак жерлер жер-суу реформасынын фондусуна өтүп, дыйкандарга тийиштүү үлүш мурун 0,5 га сугат, 0,2 га кайрак жерден турса, реформадан кийин ал 2,8 га сугат, 1 га кайрак жерди түзгөн. Жер-суу реформасынын мааниси Орто Азиядагы жергиликтүү элден күч м-н тартылып алынган жерлер кайтарылып, орус кулактары пайдаланган артыкча укук чектелип, феодалдык ээликтерге айланган көп жерлер кембагалдарга бөлүнүп берилгендигинде болгон.
Ж. Ж. Жунушалиев.