ЖЕР-ҮЙ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕР-ҮЙ МӨҢГҮСҮ – Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Ак-Сай суусунун алабынан орун алган. Узундугу 7,3 км, аянты 8,7 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4640 м, этеги 3430 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3970 м. Абляциясынын аянты 3,7 км2. Мөңгүдөн Жер-Үй суусу (Тоң районундагы Ак-Сай суусунун негизги курамы) башталат.