ЖЕР-ҮЙ ЧЫМ КӨҢ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕР-ҮЙ ЧЫМ КӨҢ КЕНИ Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Жер-Үй ж-а Көк-Сай сууларынын кошулган жеринде, Бөкөнбаев кыштагынан 18 км батышта, деңиз деңгээлинен 1950 м бийикте жайгашкан. Чым көң саз катмары м-н байланышып, төрт горизонтту түзөт. Жалпы аянты 24,2 га, орточо калыңдыгы 0,69 м. Чым көң күрөң түстө, чириндилер 20–25%. Күйгөндөгү жылуулугу 2388–3964 калория. Чым көңдү кык ж-а акиташ м-н аралаштырып, жер семирткич катары колдонууга болот. Запасы С категориясы боюнча 252 миң м3.