ЖЕР АСТЫНДАГЫ СУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР АСТЫНДАГЫ СУУЛАР – жер кыртышы­нын үстүнкү бөлүгүндө жаткан тоо тек катмар­ларындагы суюк, муз ж-а буу түрүндөгү суу. Жер бетиндеги суулардан айырмасы – алар жер бе­тинен төмөн жайгашып, тоо тектердеги жара­каларды, көңдөйлөрдү толтуруп турат. Суу жер астындагы катмарларга жер бетиндеги суулар­дан, атмосфералык жаан-чачындан же тереңдиктеги маг­ма бууларынан келет. Мында суу гравитация­лык же эркин суу (оордук күчүнүн таасири м-н агуучу), капиллярдык суу (молекулалык тар­тылуу күчүнөн кыртыштагы кесек бөлүкчө­лөрдүн арасындагы майда капиллярлар аркы­луу көтөрүлүүчү), байланышкан суу (минерал­дардын кристаллдык торчолорундагы) ж. б. түрдө болот. Алардын негизгиси – эркин (гра­витациялык) суу – жер кыртышында катуу (муз), газ (буу) ж-а суюк түрүндө кезигет. Жер астындагы суулар пайда болушуна карай 5 түргө бөлүнөт: и н ф и л ь т р а ц и я л ы к (вадоз) суулар чөкмө, магма ж-а метаморфизмделген тектердеги май­да көзөнөкчөлөр, жаракалар, көңдөйчөлөр, ар түрдүү боштуктар аркылуу атмосфералык жаан-чачын м-н жер бетиндеги суулардын сарыгып өтүшүнөн пайда болот; к о н д е н с а ц и я л ы к суулар – тоотектердеги боштуктарга чогулган абадагы буунун муздашынан (конденсацияланышынан) келип чыгат; с е д и м е н т а ц и я л ы к суулар деңиз чөкмөлөрүнө суу сиңип, кийин ныктал­ганда сыгылып чыгып, бир жерге топтолушу­нан пайда болот. Алар негизинен гидрогеологиялык структуранын борборунда ж-а өтө тереңдикте жайгашат; о р г а н и к а л ы к суулар – ылай ­чополуу чөкмөлөрдө сакталып калган органикалык зат­тардан пайда болот; т е р е ң д и к т е н орун алган (ювениль) суулар – магмадан бөлүнүп чыккан суу бууларынын муздашынан чогулат. Тоо тектериндеги суу чогулган боштуктардын өзгөчөлүгүнө карай Жер астындагы суулар көзөнөктүү, катмар­луу, жаракалуу ж-а карст суулары болуп бө­лүнөт. Суу топтолгон тоотек катмарлары суу­луу горизонт деп аталат. Жер кыртышындагы эң үстүнкү горизонттогу сууну кыртыш (грунт) суулары дейбиз. Ал бир нече смден ондогон м тереңдикте кездешип, үстүнкү бети бош, кы­сымсыз абалда болот. Кыртыш сууларынан төмөн артезиан суулары жатат. Анын асты ж-а үстү суу өткөрбөөчү катмарлар м-н чекте­лет. Жер астындагы суулар – курамында түрдүү минералдар, органикалык заттар ж-а газдар бар табигый эриндилер. Суудагы эриген заттардын өлчөмүнө карата жер астындагы суулар тузсуз (туздуулугу 1 г/лге чейин), чала туздуу (1–10 г/л), туздуу (10–50 г/л), шорлуу (50 г/лден көп); газдардын курамы боюнча көмүр кычкылдуу, күкүрттүү суутектүү, азоттуу, радон­дуу, метандуу ж. б. сууларга бөлүнөт. Кура­мында түрдүү туздар же газдар, органикалык компонент­тер, кээде газ м-н радондун эманациясы болуп калса, анда дарылоочу касиетке ээ. Жер астындагы суулар ми­нералдуу суулар деп да аталат. Жер астындагы суулардын физикалык касиети алардын химиялык курамына байланыштуу. Суунун температурасы боюнча муздак (20°ка чейин), арашан суулары (20°тан жогору) болуп бөлүнөт. Жер астындагы сууларды гидрогеология илими изилдейт. Жер астындагы суулар эзелтен бери калкты таза суу м-н кам­сыз кылууда, сугат ишинде, жайыттарды суу м-н камсыз кылууда кеңири колдонулат. Азыр­кы кезде алардын мааниси күндөн күнгө артуу­да. Жер астынан чыккан минералдуу суулар ичүүгө ж-а ар кандай дарттан дарыланууга ке­ректелет. Кийинки кезде арашан суулардан жылуулук кубаты алына баштады (к. Арашан суулары). Кыргызстандын аймагында Жер астындагы суулардын бардык түрү кездешет. Республикада 80ден ашык минералдуу булактар бар. Айрымдарынын ба­засында курорттор (Жалал-Абад, Жети-Өгүз, Ысык-Ата ж. б.) иштейт.

Ад.: Овчинников А. М. Подземные воды. М., 1960; Минеральные воды. М., 1963; Личков Б. Л. Природ­ные воды земли и литосферы. М., 1963; Ланге О. К. Гидрогеология. М., 1969.