ЖЕР АСТЫНДАГЫ ТЕМИР ЖОЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР АСТЫНДАГЫ ТЕМИР ЖОЛ , м е т р о п о­ л и т е н – жердин асты м-н жүргүнчү ташуучу темир жол системасы. Ачык ыкма м-н курулган би­ринчи жер астындагы темир жол 1863-жылы Лондондо ачылып, жүргүнчүлөрдү Пэддингтондон Фэррингтонго ташыган. Бул линияда көмүр м-н иштеген буу локомотивдери жүргөн. Бир топ тереңдикте ку­рулган алгачкы жер астындагы темир жол 1890-жылы Англияда Сити м-н түштүк Лондонду туташтырган. Бул ли­ния м-н электр локомотиви жүргөн. Жер астындагы темир жол Будапештте 1896-жылы, ал эми Бостондо (АКШ) 1895–97-жылдарда ачылган. 1898-жылы Париж метросун куруу башталган. Мындай транспорттук систе­ма тез эле дүйнөнүн көптөгөн ири шаарларында курула баштады. 1932-жылы курула баштаган Моск­ва метрополитени эң ири жер астындагы темир жол болуп эсеп­телет. Ал азыркы учурда күнүнө 6,5 млндон ашык жүргүнчү ташыйт. Айрым линияларда поездди башкаруу автоматтык түрдө ишке ашы­рылат. Париж метросунда ж-а анын долбоору м-н салынган башка шаарлардагы жер астындагы темир жолдо поезд рельс м-н эмес, бетон аркылуу жүрөт.