ЖЕР БЕТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР БЕТИ – жердин жылуулук ж-а ным алма­шуу процесстери аркылуу атмосфера м-н өз ара бай­ланышкан үстүңкү бети (топурак, өсүмдүк, кар, суу, муз). Жер бети ар түрдүү түзүлүштө (мисалы, кур­гактык м-н суу мейкиндигинин, тоолор м-н түздүктөрдүн) болушу аба ырайына ж-а климат­ка зор таасирин тийгизет; ал эми Күн нурунун энергиясынын жер бети боюнча ар түрдүү өлчөмдө си­ңирилиши, чыгымдалышы ж-а топтолушу атм­осферанын жалпы циркуляциясына таасирин тийги­зип, атмосфералык циркуляциянын жергиликтүү өзгөчөлүгүн аныктайт.