ЖЕР БУУРЧАК
ЖЕР БУУРЧАК (Vicia) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумунун уруусу.

Бир, эки ж-а көп жылдык өсүмдүк. Жер жүзүндө 150дөй (КМШ өлкөлөрүндө 80дей) түрү бар. Эгилме 10 түрү белгилүү. Жаздык ж-а күздүк Ж. б. кеңири таралган. Ж. б. – белоктуу, жакшы сиңимдүү тою т . Жаздык жер буурчак (V. Savita L.) КМШ өлкөлөрүнүн токой-талаалуу Европа бөлүгүндө, Сибирь ж-а Кавказда эгилет. Сабагы ичке, бутактуу, түз өсөт, бийиктмги 40– 110 см. Гүлү өзү м-н өзү чаңдашат. Мөмөсү 6–10 уруктуу, ромб форма сындагы чанак (узундугу 5–7 см). Эгилме жер буурчактын жашыл массасында 5,1% (кургагында 18,1%) протеин, фосфор, кальций, каротин, клетчатка бар. Гектарынан 20 цге чейин дан, 200–250 ц (аба ырайы жакшы жылы 400 цден ашык) жашыл масса алынат. Борбордук Азияда отоо чөп катары да белгилүү. Түшүм жыйналган мезгилде уругу түшүп, күздүк эгин аянттарын булгайт. Жапайы жекр буурчак шалбаа, суу жээги, токой, бадал арасы ж. б. жерлерде өсөт, баалуу тоют.