ЖЕР КЕЗҮҮЧҮЛӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР КЕЗҮҮЧҮЛӨР – 16–17-кылымдарда Сибирь, Ыраакы Чы­гыш ж-а аны чулгаган деңиздерге саякат жаса­ган орустар. Алар негизинен «кызматтагылар» (түрдүү даражадагы казак орустар), соодагерлер ж-а куну айбанаттарга аңчылык кылгандар болгон. Орус өкмөтүнүн ж-а Сибирь администрациясынын колдоосу астында 17-кылымдын башында Батыш Си­бирдин басымдуу бөлүгү (Енисей дарыясына чейин) жалпы жонунан изилденип, Россияга кошул­ган. Жер кезүүчүлөр өздөрү барган жерлердин көптөгөн «чиймелерин» түзүп, анда Россиянын азиялык бөлүгүн мүнөздөгөн көп материалдарды чогул­тушкан. Чындыгында жер кезүүчүлөр зор аймакты өздөш­түрүүгө өбөлгө түзгөн географиялык айрым ачылууларды жасашкан. Алардын ичинен 17-кылымдын ортосун­дагы ж-а аягындагы И. Москвитин, В. Поярков, С. Дежнёв, В. Попов, Е. Хабаров, В. Атласовдун изилдөөлөрүнүн географиялык мааниси зор болгон.