ЖЕР КЫРГЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР КЫРГЫЧ – 1) жер кыртышын катмарлап кесип, тынымсыз иштөөчү жер казуучу маши­на. Анын тракторго чиркелүүчү ж-а өзү жүрүүчү түрлөрү болот. Ж. к. канал курууда, жер те­гиздөөдө, жолго кыр чыгарууда, жолду кардан тазалоодо колдонулат; 2) чуңкур жайлардан кыртыш кырып алуучу курулуш экскаватору­нун жумушчу бөлүгүнүн бир түрү. 3) пайдалуу кенди жер алдынан казып алуучу кыргыч ку­рулманын бөлүгү; 4) жалпак түптүү, парус-ка­лактуу, тик борту бар эски жыгач кеме. Уз. 20– 45 м, эни 4–9 м. ХI–ХIХ к-да Россияда негизи­нен жүк ташуу үчүн пайдаланылган.