ЖЕР КЫРТЫШЫ
ЖЕР КЫРТЫШЫ – Жердин «катуу» бөлүгүнүн үстүңкү катмары, мантия м-н Мохоровичич чеги аркылуу чектешет. Калыңдыгы океан түбүндө 5 км, материктин астында 75 кмге жетет. Континенттик ж-а океандык, ошондой эле өтмө – субконтиненттик ж-а субокеандык жер кыртыштарына бөлүнөт. Континенттик жер кыртышы чөкмө, гранит ж-а базальт катмарларынан турат; орточо калыңдыгы 35–45 км, эң калың жери 75 км (тоо астында) болот. Океандык кыртыш континенттик кыртыштан гранит катмарынын жоктугу ж-а кыртыштын жукалыгы (5 кмден 10 кмге чейин) м-н айырмаланат. Жер кыртышы изостазиялык тең салмактуулук абалына жакын. Жер кыртышында дайыма тектоникалык кыймыл болуп турат. Түзүлүшү боюнча

ал кыймылдуу – геосинклиналь ж-а кыймылсыз – платформа аймактарына бөлүнөт, к. Жер.