ЖЕР КӨЧКҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР КӨЧКҮ – оордук күчүнүн ж-а суунун таа­сиринен борпоң тоо тек массаларынын каптал ылдый жылмышуусу. Тоо капталдарында тең салмактуулуктун бузулуусу, ойду карай жан-

Жер көчкүдөн кийинки көрүнүш.

тайыңкы жаткан капталдар, борпоң тектердин сууга каныгышы, ал тектердин астында суу өткөрбөй турган кабаттын болушу, жер астын­дагы суунун топтолушу, жер титирөө жер көчкүнүн жүрүшүнө шарт түзөт. Жер көчкүгө дуушарланган тоо тек массасынын көлөмү ондогон м3ден 1 млрд м3ге чейин жетет. Жер көчкү чарбалык иштерге чоң зыян келтирет. 1911-жылкы жер көчкүдөн Памирде Сарез көлү пайда болгон. Кыргызстанда жер көчкү Ферга­на тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында бор, палеоген-неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдеринин мергель, чопо ж-а лёсс сымал тоо тектеринен түзүлгөн жерлерде көбүрөөк.

С. Ахмедов.