ЖЕР МАГНЕТИЗМИ
ЖЕР МАГНЕТИЗМИ , г е о м а г н е т и з м – Жердин ж-а анын айланасындагы космос мейкиндигинин магнит талаасы; геофизика илиминин геомагниттик талаанын космос мейкиндигине чейинки таралышын, убакыт боюнча өзгөрүшүн аны м-н байланыштуу болгон жердеги ж-а жогорку атмосферарадагы физикалык процесстерди изилдөөчү тармагы. Жер мейкиндигинин ар бир чекитиндеги геомагниттик талаанын абалы толук чыңалуу вектору (Т) м-н мүнөздөлөт. Т аталган чекит аркылуу жүргүзүлүүчү тик бурчтуу координата системасынын окторуна карата түзүүчүлөргө бөлүнөт (к. сүрөт). Толук чыңалуу векторунун ХОҮ мейкиндигине болгон проекциясы же Ү, Хтин геометриялык суммасы Жердин горизонттуу чыңалуу күчүн (Н) пайда кылат. Н вектору м-н Х огунун бурчу магниттик кыйшаюуну (Д) берет. Х огунун багыты магниттик меридиан деп аталат. Эгерде Н вектору Х огунан Ү огуна карай жылса, магниттик кыйшаюу оң деп аталат. Тескерисинче, Н вектору Хтен батышты карай жылса, терс болот. Толук чыңалуу вектору Тнын ХОУ горизонттук мейкиндиги м-н түзгөн бурчу жантаюу бурчу деп аталат да, J м-н белгиленет. Жогоруда аталган Х, Ү, Z, H, Т, Д, J – Ж. м-нин элементтери. Н вектордун ар бир чекитиндеги багыты магниттик меридиандын абалын көрсөтөт. Түндүк ж-а түштүк уюлдарда бүт магниттик меридиандар кошулуп, уюлдарды пайда кылат. Азыркы геофизика теория боюнча жер магнетизминин негизги (99%) же өтө жай өзгөрүүчү бөлүгү ядродогу тынымсыз болуп туруучу электрмагниттик процесстердин натыйжасында пайда болот. Калган үлүшүнө жердин магнитосферасы м-н ионосферадагы өзгөрмө кубулуштар кирет. Геомагниттик талаанын чыңалуу күчтөрү экватордо 0,35 э болсо, жер шарынын уюлдарында 0,65 э болот. Жердин магниттик күч сызыктарынын табигый абалынын өзгөрүп кетиши а н о м а л и я деп аталат. Аномалиялар ургаалдыгына, ээлеген аянтына, чоңдугуна карата дүйнөлүк, аймактык ж-а жергиликтүү болуп бөлүнөт. Дүйнөлүк аномалиянын чыңалуу күчү жерден 3000 км бийиктикке чейин байкалат. Дүйнөлүк аномалия жердин тереңиндеги процесстер м-н тыгыз байланышта болот да, планетабыздын бардык аймактарында бирдей боло бербейт. Жердин магнетизминин өзгөрмөлүүлүгү Күндөгү татаал процесстер м-н байланыштуу. Күндөн келүүчү заряддар, плазма толкундары (шамал) Жерден 18 миң км бийиктикте магниттик күч сызыктарынын табигый түзүлүшүн кескин өзгөрүүгө учуратат. Магнитосферанын чегинде плазма агымынын басымы жердин магниттик басымы м-н теңдешет ж-а геомагниттик күч сызыктары боюнча сыйгаланып, уюлдарды карай багытталат. Уюлдарда иондошуу көбөйгөндүктөн, уюлдук жаркыроолор пайда болот. Магнит талаасынын ургаалдуулугу тез ж-а жогорку даражага жогорулашы магнит куюндары деп аталат. Күн шамалы магнитосфера м-н ионосфера аркылуу өткөндө, электр тармактарын кескин өзгөртүп, өтө күчтүү электр токторун пайда кылат. Бул электр токтору космос мейкиндигинен жер бетине чейинки магниттик талааны өзгөртөт. Геомагниттик талаа тирүү организмдерге, өсүмдүктөргө ж-а адам баласына таасир этет. Жер магнетизмин изилдөө иштеринин жыйынтыктары анын геомагниттик элементтеринин карталары, деңиз, аба, геодезия, маркшейдерия, жер титирөө, байыркы тектерди чалгындоо, радио байланыш, космоско учуу убагындагы радиациялык абалды билүүдө ж. б. тармактарда кеңири колдонулат.
Ад.: Яновский Б. М. Земной магнетизм. Л., 1978; Калинин Ю. Д. Вековые геомагнитные вариации. Новосиб., 1984; Паркинсон У. Введение в геомагнетизм. М., 1986.