ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗДИК КЛИМАТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗДИК КЛИ́МАТ – жайы ысык ж-а кургак (июндун орточо температурасы 19– 30°С), кышы жаанчыл, бирок жылуу (январда 2–12°С) субтропиктик климат. Жылдык жаан-чачыны 300–400 ммден (түштүгүндө) 2000–3000 ммге чейин (түндүгүндө). Негизинен жер ортолук деңиз зонасына мүнөздүү.