ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ АЙМАГЫ
ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ АЙМАГЫ – табигый географиялык аймак (өлкө). Пиреней, Апеннин, Балкан жарым аралдарын, Кичи Азиянын түштүк ж-а батыш бөлүктөрүн, Сирия, Палестина жээктерин, Африканын түндүк жээгин (Атлас тоолорунун көп бөлүгүн) ж-а Жер ортолук деңиздеги аралдарды камтыйт. Аянты 4 млн км2дей. Альп бүктөлүү (геосинклиналдык) облусуна кирет; активдүү жер титирөө болот; аракеттеги жанартоолор бар (Этна, Везувий, Стромболи). Түндүк бөлүгүнүн рельефине орто бийик тоолордун, бөксө тоолордун ж-а дөңсөөлүү түздүктөрдүн айкалышы мүнөздүү; карст рельефи да кеңири таралган (мисалы, Динара тайпак тоосунда ж. б.). Жер ортолук деңиз аймагынын африкалык бөлүгүндө катмарланган түзүлүштөгү түздүктөр басымдуу. Субтропиктик жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү, жаан-чачын кышында арбын жаайт, жайы кургакчыл. Январдын орточо температурасы түндүк-чыгышында 0–2°С, түштүгүндө 10–12°С, июлдуку түндүгүндө 19– 20°С, түштүгүндө 28–30°С. Түздүктөрүнө жылына 300–400 мм, тоолоруна 3000 ммге чейин жаан-чачын жаайт. Түштүктү ж-а чыгышты карай климаттын кургакчылыгы күчөйт. Вегетация мезгили узакка (7 айдан ашык) созулгандыктан, субтропиктик өсүмдүктөрдү өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, бирок суунун тартыштыгынан дыйканчылык ж-а бак-дарак өстүрүү чектелет. Дарыяларынын суусу жайында өтө тартылат; сугатка кеңири пайдаланылат. Негизги дарыялары: Эбро, Рона, По, Марица, Нил. Өсүмдүктөрдөн ксерофилдик дайыма жашыл жер ортолук деңиздик бадалдар (маквис, фригана, гарига) басымдуу; ошондой эле катуу, жазы ж-а ийне жалбырактуу токой массивдери да (негизинен тоолордо) кездешет. Жер ортолук деңиз аймагынын африкалык ж-а азиялык бөлүктөрүндө жарым чөл ж-а чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү. Буудай, жүгөрү, май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт; бак-дарак, жүзүмзар, цитрус өсүмдүктөрүнүн плантациялары кеңири аянтты ээлейт. Тоолуу бөлүктөрүндө мал чарбасы (негизинен кой чарбасы), жээк сууларында балыкчылык (сардина, тунец) өнүккөн. Жээктеринде деңиз курорттору (Ривьера) арбын. Жер ортолук деңиз аймагы (Средиземье) – антикалык цивилизация өнүккөн тарыхый аймак.
Ад.: Грацианский А. Н. Природа Средиземноморья. М., 1971; Ерамов Р. А. Физическая география Зарубежной Европы. М., 1973; Физическая география материков и океанов. М., 1988; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004.
Ө. Бараталиев.