ЖЕР РЕСУРСТАРЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕР РЕСУРСТАРЫ – чарбада туруктуу пайдаланылган же пайдаланууга жарактуу, табигый тарыхый түптөлүшү боюнча өзгөчөлөнгөн жерлер; кийинки аныктамасы: эл чарба тармактарында пайдаланылуудагы же пайдаланууга боло турган жерлер. Жер ресурстарынын төмөнкү түрлөрү бар: айдоо аянттары; айыл чарбага жарактуу жерлердин бүт ресурстары (айдоо, жайыт, чабынды ж. б.); аймактык ресурстар.