ЖЕР ТӨЛӨ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕР ТӨЛӨ – казылып салынган жер там. Тереңдиги киши бою, төрт бурч же тегерек кылып казып, кырына эки катар чым тизип, жоон устун коюп, анын эки тарабына туурасынан шырык салып, үстүнө чырпык, куурай таштап, топурак менен бастырылат. Үйгө жарык кирүү жана коломтодо жагылган оттун түтүнү чыгуу үчүн төбөсүнөн тешик жасашкан. Оозун боз үйдүн эшиги менен жаап же жөн эле кийиз менен далдалап коюшкан. Жер төлөдө кыш чилдеде гана жашашкан. Учурда жер төлө кеңири өркүндөтүлүп, анда азык-түлүк жана башкалар сакталат.