ЖЕР УЮЛДАРЫНЫН КЫЙМЫЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР УЮЛДАРЫНЫН КЫЙМЫЛЫ – Жер бети б-ча геогр. уюлдардын жылышы. Ал кыймыл Жердин түзүлүшүнүн ар түрдүүлүгүнө, о. эле ме­теорол. кубулуштардын (атм. массалардын, океан суусунун, литосферанын серпилгичтик ж-а илээшкектик касиеттеринин таасиринин ж. б.) мезгилдүүлүгүнөн пайда болгон Жердин айлануу огунун абалынын өзгөрүүсүнө байла­ныштуу. Ж. у. к-н Жердин айлануусунун касие­ти катары божомолдоону алгач 1687-ж. И. Нью­тон белгилеген. Бул кубулуштун матем. теория­сын Л. Эйлер (1790) өнүктүрүп, жүз жылдан кийин жер бетиндеги пункттардын (орундардын) чыныгы өзгөрүшү, Ж. у. к-н үйрөнүү мүмкүндүгү далилденген. Ж. у. к-н билүүнүн астрономия­да, геодезияда мааниси чоң, анткени жер бетин­деги чекиттин координаталары ж-а жердеги нер­селердин азимуттары үзгүлтүксүз өзгөрүп турат. Булар астр. ж-а геод. өлчөөлөрдүн натыйжасы­на таасирин тийгизет.