ЖЕР ЧУКУУРЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР ЧУКУУРЛАР (Soricidae) – курт-кумурска жечүлөр түркүмүнүн тукуму. Чычканга окшош, жүнү баркыттай, буту кыска, башы чоң, тумшу­гу узун, тиштеринин учу күрөң. Дүйнө фауна­сындагы сүт эмүүчүлөрдүн эң кичине өкүлдөрү (кидик ак тиш ж-а эң кичине күрөң тиш) кирет. Дене узундугу 3,5–18 см. Куйругу 1–12 см. Денесинин капталында ж-а чатында жыты бар суюктук бө­лүп чыгаруучу без жайгашкан. Жер чукуурдардын жер жү­зүндө 25, КМШ өлкөлөрүндө 5 уруусу, Кыргызстанда 3 уруусунун 4 түрү кезигет. Суткасына өзүнүн салма­гынан 2–2,5 эсе көп зыяндуу курт-кумурска ж-а алардын личинкасы м-н азыктангандыктан, жер чукуурлар. токой ж-а айыл чарбага чоң пайда келтирет.