ЖЕТИМИШЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИМИШЕВ Сейит (15. 10. 1936-жылы туулган, Чүй облусу, Кемин району, Кичи Кемин айылы) – жазуу­чу, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1991). КМУнун филология факультетин бүтүрүп (1958), Кыргызстан ЛКЖСтин Фрунзе обкомунун инструк­тору, 1959–66-жылдарда Кыргыз ССР мамлекеттик телекөр­сөтүү ж-а радио уктуруу комитетинде редактор, 1967–71-жылдарда «Кыргыз маданияты» гезитинде баш­кы редактордун орун басары, 1971–73-жылдарда Кыргызстан КП БКнын инструктору, 1973–75-жылдарда «Кыргыз­стан» басмасынын директору, 1975–83-жылдарда «Чал­кан» журналынын башкы редактору, 1987– 88-жылдарда «Мектеп», 1988–92-жылдарда «Адабият» басма­ларынын директору, 1992-жылы КРдин Өкмөтүнө ка­раштуу мамлекеттик архив агентчилигинин директо­рунун орун басары болуп иштеген. Чыгармачылыгы 1950-жылдарда башталган. Алгачкы повести «Менин атам» деген ат м-н 1962-жылы жарык көр­гөн. Жетимишев – «Ички кайрыктар» (1964), «Мезгил закымдары» (1968), «Тоо булагы» (1987), «Эл ара­сында» (1-китеби, 1989) ж. б. китептердин ав­тору. «Чертилген кыялдар» аттуу ыр жыйнагы (2006; 2009), «Эл арасында» романы (I–II тому, 2007), ошондой эле бир нече адабий эсселери бар. Чы­гармалары орус, уйгур, латыш, украин, кытай ж. б. тилдерге которулган. Даңк медалы м-н сыйланган (2007).