ЖЕТИМ-БЕЛ КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИМ-БЕЛ КЫРКА ТООСУ Ички Теңир-Тоо­до. Чоң ж-а Кичи Нарын сууларынын алапта­рын бөлүп, чыгыштан (Ара-Бел суусунун име-


рилген жеринен) батышты карай (Ай-Көл ашуу­суна чейин) созулуп жаткан мегантиклиналь. Уз. 102 км, туурасы 12 км. Орт. бийикт. 4170 м, эң бийик жери 4627 м (Сөөк чокусу). Чыгыш бөлүгү Сөөк деп аталат. Чыгышындагы Ара-Бел ж-а Жогорку Нарын өрөөндөрүнөн салыштыр­малуу 600–1000 м, батышындагы Буркан ж-а Арчалы өрөөндөрүнөн 1000–1200 м көтөрүңкү. Тоо бир кылка, оркойгон чокулар жок. Каптал­дары тик ж-а кыска, тепши сымал өрөөндөр м-н терең тилмеленген; өрөөндөрдүн төрлөрүн мөңгү ээлеп, касаба жабык төрлөр м-н бүтөт. Байыркы муз каптоонун издери (байыркы түздүктөр, тепши сымал өрөөндөр, мөңгү таш­тар ж. б.) көп кездешет. Ашуулары (мөңгүнүн таасиринен пайда болгон): Жетим-Бел (3993 м), Сөөк (4022 м), Сары-Төр (4050 м), Кызыл-Суу (3975 м). Негизинен жогорку протерозойдун гра­нит, гранит-диорит, филлит, кумдук, алевро­лит, Сөөк тоосу мраморлошкон, доломиттешкен кристаллдык акиташ тегинен, графиттешкен филлит тектеринен түзүлгөн. Аталган тектердин байыркы катмарлары неоген-төртүнчүлүк мезгил­деринде жогору көтөрүлүп, бийик тоолуу рельеф пайда болгон. Тоо мөңгүлүү, алардын жалпы аянты 84,6 км2 (чыгышты карай мөңгүнүн аян­ты кеңий баштайт). Тоонун түш. капталына (3200–3600 м) жарым чөл, кургак талаа (3300–3900 м), альп талаасы (3800–4000 м), 4000 мден жогору гляциал­дык-нивалдык; түн. капта­л ына шал баал уу т алаа (3700–3900 м), субнивал­дык (3600–3800 м), 4000 м­ден жогору гляциалдык­нивалдык ландшафт ал­кактары мүнөздүү.