ЖЕТИМ ТЕМИР КЕНТАШ БАССЕЙНИ
ЖЕТИМ ТЕМИР КЕНТАШ БАССЕЙНИ – Орто Азиядагы темир кендүү ири аймак. Нарын шаарынан 60 км чыгышта, Жетим кырка тоосунун түштүк капталында, деңиз деңгээлинен 2250–3800 м бийиктикте жайгашкан. Аймакта темир кендери бар экендиги жергиликтүү элге илгертен белгилүү болгон. Анткени анда байыркы кен казындылары ж-а темир эриткен мештер табылган. Темир кенташынын өз алдынча 6 кени ачылган. Аларга 1957–58-жылдарда чалгындоо жумуштары жүргүзүл-
Жетим бассейниндеги ири кендер
Таблица бар
Жетим бассейниндеги ири кендергөн. Бассейндин узундугу 34 км, туурасы 500 м. Анын аймагын рифей-венд мезгилинде пайда болуп, метаморфизмделген акиташтар, көмүртекчополуу сланецтер, кумдуктар ж. б. тектер түзөт. Кендер кабат сымал линза түрүндө жатат. Кенташ негизинен гематит ж-а магнетит минералдарынан турат да, алардын өлчөмүнө жараша гематит-магнетиттүү ж-а магнетит-гематиттүү болуп 2 типке бөлүнөт. Мындагы темир кенташы генезиси боюнча темир-кварциттүү формацияга кирери, чөкмө-жанартоо процессинен пайда болуп, кийин региондук метаморфизмге дуушар болгондугу аныкталган. Кенташтагы темирдин өлчөмү 15,4–46,3%. Басейн боюнча темир кенташынын болжолдуу ресурсу 5,395 млрд т, темирдики – 1,71 млрд т (к. таблицаны).
Ад.: Сагындыков К. С., Судоргин А. А. Джетимский железорудный бассейн Тянь-Шаня. Ф., 1984; Сагындыков К. С., Фоминых В. Г. Железорудные формации Урало-Тянь-Шанского пояса. Ф., 1987.
К. Сагындыков.